23-сентябрь – Кыргыз тил күнү
1989-жылдын бу күнү “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Ошондон бери кыргыз тили Кыргызстандын мамлекеттик тили болуп, 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет.
Сармерден Кыргыз Эл аралык универсал колледжинде КМКнын студенттери арасында кыргыз тили мугалимдери Мыктыбекова Жанара жана Жыргалбекова Айзада тарабынан уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун майрамдык куттуктоосунда:
«Кыргыз тили – улуттук өзгөчөлүктүн негизи, улуттук баалуулугубуздун өзөгү, руханий азыгыбыздын булагы. Бул ата-бабалардын бизге калтырган асыл мурасы, кийинки муундарга калтырыла турган ыйык аманат. Бул ишенимди актоого баарыбыз милдеттүүбүз! Мамлекетти, эгемендүүлүктү коргоо милдет болсо, тилди сактоо, коргоо, өнүктүрүү да ошондой милдет болушу керек!”
Кыргыз тил күнү менен куттуктайм!