Мазмунга өтүү

Колледж студенттери арасында футбол турнири болуп өттү!

Колледж студенттери арасында футбол турнири болуп өттү!

Коллеџде кызыктуу футбол турнири болуп өттү!

Спорт жүрөктөрдү бириктирип, адилеттүү атаандаштык жана жеңишке умтулуу жаңы жетишкендиктерге дем берет! Биздин колледждин 1, 2 жана 3-курстун студенттеринин арасында кызыктуу футбол турнири өттү.

Бул спорттук иш-чаранын негизги максаты — командалык духту чыңдоо, дени сак жашоо образын жайылтуу, ошондой эле командалык оюн жана дени сак атаандаштык аркылуу студенттик жамаатты бириктирүү болду. Турнир учурунда жаштар арасында бири-бирине колдоо көрсөтүү, достук жана спорттук этиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мелдештин жүрүшүндө командалар мыкты даярдыкты, тактикалык чеберчиликти жана жеңишке деген эркинин күчтүүлүгүн көрсөтүштү. Ар бир оюн укмуштуудай катуу толкундоодо, күйөрмандардын колдоосунда жана позитивдүү энергияда өттү. Катышуучулар спорт бул жөн гана жарыш эмес, дисциплинаны, мүнөздү жана биримдикти тарбиялоочу студенттик жашоонун маанилүү бөлүгү экенин көрсөтүштү.

Мындай иш-чаралар дени сак жашоо образын колдоо менен студенттик жаштарды активдүү өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Турнирдин соңунда катышуучулар жана күйөрмандар спорттук салттардын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай мелдештерди туруктуу негизде өткөрүүгө үмүт арттылар.

Колледж студенттердин спорттук баштамаларын жана активдүү жашоо образын колдоону улантууда.

Сүрөт галереясы

Дагы сүрөттөр