Окуу жайдын өнүгүү тарыхы
2013-жылы SOSI Educational centre курстарынан баштап азыркы эл аралык колледжге чейин.
2013. Колледждин тарыхы 2013-жылы башталган: Шопоков шаарында мектеп окуучулары жана чоңдор үчүн англис жана корей тилдери боюнча курстар ачылган. SOSI Educational centre курстары натыйжалуу окутуусу жана жыйынтыктары менен Сокулук районунда кеңири белгилүү болгон. Курстарды ийгиликтүү аяктаган окуучулар FLEX программасынын жеңүүчүлөрү болушкан. Курстарда жакынкы мектептерден жана гимназиялардан 250дөн ашуун окуучу окуган.
Колледждин Шопоков шаарында, Бишкекке жакын жерде, Бишкек — Ош республикалык жолунун боюнда жайгашкандыгы окуу жайды ачуу үчүн ыңгайлуу болгон. Кесиптик орто билим берүү мекемесине муктаждыкты аныктоо үчүн жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү жана эл менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Жакынкы айылдардын тургундары жолугушууларда жаңы окуу жайдын ачылышына кызыкдар экенин билдиришкен, анткени балдарды Бишкекке окууга жиберүү кымбат жана ыңгайсыз эле. Ошондо колледждин негиздөөчүлөрүндө бул жерде студенттик кампус түзүү идеясы жаралган — студенттер негизги программа боюнча окуп гана тим болбостон, чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүчү кошумча курстарга да катыша ала турган окуу жай.
2015. Курстар ачылгандан эки жыл өткөндөн кийин — 2015-жылдын июнь айында — Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжи ачылган. Алгачкы багыттар «котормо иши», «укук таануу» жана «менеджмент» болгон. Билимдин сапатын камсыз кылуу үчүн Бишкектеги жогорку окуу жайлардан — Ж. Баласагын атындагы КУУдан, Юридикалык академиядан, К. Карасаев атындагы БМУдан, Туризм академиясынан жана башкалардан тажрыйбалуу окутуучулар чакырылган; иштөөгө кызыгуусун арттыруу үчүн аларга акысыз транспорт берилген. Инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган: студенттердин ыңгайлуулугу үчүн тренажёрлору, теннис столдору жана волейбол жабдуулары бар чоң заманбап спорт комплекси, ошондой эле кошумча сабактар үчүн бөлмө курулган. Чет тилдерди АКШдан келген эне тилинде сүйлөөчүлөр жана Түштүк Кореядан келген окутуучулар окута баштаган. Жыл ичинде эне тилинде сүйлөөчүлөр менен Talking club иштей баштап, студенттер чет тилдерди практикада тезирээк өздөштүргөн.
2016. Колледждин жетишкендиктери «Кыргыз туусу» гезитинин редакциясынын сыйлыгы менен белгиленген. Өкмөттүк гезиттин версиясы боюнча колледж «2016-жылдын бренди» деп таанылган.
Жыл сайын окуу жайдын жетекчилиги студенттердин ыңгайлуулугу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө аракет кылат. Колледждин таанымалдыгы өскөн сайын Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан абитуриенттер келе баштаган. Ушуга байланыштуу 80 орундуу жатаканы куруу жана ачуу зарылчылыгы пайда болгон. Студенттер англис жана корей тилдериндеги адабияттарды ала турган, үй тапшырмаларын аткаруу үчүн окуу китептерин пайдалана турган китепкана ачылган. Студенттер үчүн атайын окуу залы жабдылган.
2017. Студенттердин саны көбөйгөн сайын өз убагында медициналык жардам көрсөтүү зарылчылыгы пайда болгон. Ушуга байланыштуу 2017-жылы «К-клиника» ачылган — окуу жылынын башында жаңы кабыл алынган студенттер медициналык кароодон өтүүчү жана окуу жылы бою күн сайын медицина кызматкери кезметте турган медициналык пункт.
2015-жылдан бери колледжде «Шопоков таймс» аттуу өз студенттик гезити чыгарылып келет, анда республикалык жана жергиликтүү жаңылыктар, ошондой эле колледжде жана институтта өтүп жаткан окуялар менен иш-чаралар чагылдырылат.
2021–2023. 2021–2022-окуу жылында КЭУКте 360 студент, 2022–2023-жылы 410 студент окуган. Жетекчилик жыл сайын материалдык-техникалык базаны жакшыртып турат. 2020-жылы студенттер ачык футбол аянтчасын каалашкан; демөөрчүлөрдүн каражатына колледждин аймагында футбол корту курулган, бул студенттердин ден соолугуна чоң көңүл бурулаарын далилдеди.