Мазмунга өтүү
Кабыл алуу комиссиясы

Урматтуу абитуриенттер!

Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжи Сизди күтөт. Кесиптик орто билим берүү программалары, эл аралык стажировкалар.

Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжи Сизди окуу жайыбызга чакырууга кубанычта. Колледжибиз ар кандай тармактарда ийгилик жана туруктуу киреше алып келүүчү адистиктердин кеңири тандоосун сунуштайт.

Колледжде окуу процессин квалификациялуу окутуучулар уюштурат. Колледжде жабдылган кабинеттер жана компьютердик класстар бар. Биз чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тыгыз байланышта иштейбиз — Корея Республикасынын мыкты жогорку окуу жайларынын биринде окууга мүмкүнчүлүк бар.

Окуу мөөнөтү
  • 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай
  • 11-класстын базасында — 1 жыл 10 ай
Кабыл алуу шарттары

Колледж 9, 10 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алат. Тапшыруу үчүн арыз калтыруу жана 9 же 11-классты бүткөндүгү жөнүндө аттестатты тапшыруу жетиштүү. Биринчи курска конкурстук тандоо аттестаттын орточо баллы боюнча жүргүзүлөт.

Документтердин негизги тизмеси
  • Аттестаттын жана билими жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы
  • №086-У медициналык маалымкат
  • Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк же паспорт (көчүрмөсү)
  • 3×4 сүрөт (6 даана)
  • Папка жана конверт
Документтерди тапшыруу

Документтерди колледждин маалыматтык системасы аркылуу онлайн тапшырыңыз же кабыл алуу комиссиясына өзүңүз келиңиз: Сокулук району, Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 13а.

Кабыл алууга сунушталгандардын тизмеси аттестаттын орточо баллынын кемүү тартибинде түзүлөт. Турдун акыркы күнү байланышта болуңуз.

Аттестаттын орточо баллы кантип эсептелет

Бааларыңыздын жалпы санын эсептеңиз, бардык бааларды кошуп, чыккан сумманы баалардын жалпы санына бөлүңүз. Чыккан сан — Сиздин аттестатыңыздын орточо баллы (жүздүк үлүшкө чейинки тактык менен).

Мисал. Аттестатта 12 предмет бар: 5 бештик, 3 төрттүк жана 4 үчтүк.
5×5 + 4×3 + 3×4 = 25 + 12 + 12 = 49 → 49 ÷ 12 = 4.08

Колледждин адистиктери

  1. 01 Правоведение 46000 сом
  2. 02 Переводческое дело 46000 сом
  3. 03 Менеджмент 46000 сом
  4. 04 ТУРИЗМ 46000 сом
  5. 05 Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлеену уюштуруу 46000 сом
  6. 06 ЖАРНАМА 46000 сом