image
Новости

4-октябрь - Мугалимдер күнү!

Добавлено: 4 Октябрь 2023 ж.

Жыл сайын октябрь айында өлкөбүздө Мугалимдер күнү белгиленет. ЮНЕСКО тарабынан белгиленген Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү менен бирге Кыргызстанда 5-октябрда Мугалимдер күнү белгиленет.
Ал эми салт боюнча 2023-жылдын 4-октябрында Кыргыз Эл аралык универсал колледжинин студенттери профессордук-окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, жаркын концерт тартуулашты. Ошондой эле ак ниет эмгеги үчүн улук окутуучу Абдували Исмаилов менен Камалдинова Халидага жетекчилик тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды.
Мугалимдер күнү эң сүйүктүү кесиптик майрамдардын бири. Бул күнү мугалимдер окуучуларынан куттуктоолорду кабыл алып, аларга гүл берип, концерттерди уюштуруп, түстүү дубал гезиттерин тартышат.
Мугалим илимди үйрөтүүчү гана адам эмес, руханий жана адеп-ахлактык принциптердин алып жүрүүчүсү. Мугалимдер өзгөчө жарандык позицияны - жаш муундарды тарбиялоодо.
Мугалимдер күнү чынында эле маанилүү майрам. Мугалимдер балдарга баа жеткис билим запасын берет, таланттардын ачылышына жана баланын гармониялуу өнүгүшүнө салым кошот. Мугалимдер өлкөнүн келечегин аныктай турган билимдүү, өнүккөн жаштарды жаратышат.
Мугалимдер күнү – мугалимдерибизге терең ыраазычылык билдирүү, өздөрүнүн үлгүлөрү аркылуу бизди боорукер, калыстык, адамгерчиликтүү болууга үйрөткөн алгачкы насаатчыларыбызды эскерүүнүн эң сонун учуру.