
8 - МАРТ!
Добавлено: 6 Март 2023 ж.
2023-жылдын 6-мартында Кыргыз тилдер жана маданият институтунун актовый залында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата концерттик программа болуп өттү. Институттун жана колледждин студенттери мугалимдерге жана студенттерге жаркын концерттик программа даярдашты. Студенттер сонун оюн көрсөтүштү, майрамдык маанай тартууланып, оюндар, ырлар, бийлер, гүлдөр тартууланды.
Дээрлик жүз жылдан бери аялдардын эл аралык күнү биздин өлкөдө расмий майрам катары саналып келет. Анын тамырын 1857-жылдан тартып алганы жалпысынан кабыл алынган. Алгач майрамдын аталышы Аялдардын эл аралык тилектештигинин күнү сыяктуу угулуп, анын максаты алардын укуктарынын бузулушуна коомчулуктун көңүлүн буруу болгон. Убакыттын өтүшү менен бул күндүн маңызы, мааниси бир аз өзгөрдү. Азыр 8-март жаздын, аял сулуулугунун, назиктиктин, руханий акылмандыктын жана адамзаттын сулуу жарымына көңүл буруунун күнү болуп эсептелет. Ошондой эле майрамдын салтында аялдардын турмуштун саясий, экономикалык жана социалдык тармактарындагы жетишкендиктерин белгилөө болуп саналат.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, урматтуу окуу жайыбыздын айымдары!