
8-март – Аялдардын эл аралык күнү!
Добавлено: 7 Март 2024 ж.
2024-жылдын 7-мартында Кыргыз тилдер жана маданият институтунун актовый залында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата концерттик программа болуп өттү! КМУнун жана КЫЯКтын студенттери тарабынан концерттик программа, сюжеттер, видео куттуктоолор жана белектер даярдалды.
Дээрлик жүз жылдан бери аялдардын эл аралык күнү биздин өлкөдө расмий майрам катары саналып келет. Анын тамыры 1857-жылы Нью-Йорктогу текстиль жумушчулары «Бош казандардын маршы» деп аталган акцияны өткөргөндөн башталат деп жалпы кабыл алынат. Өз аракеттери менен аялдар кабыл алынгыс эмгек шарттарына жана аз айлык акыга каршы чыгышкан. Алгач майрамдын аталышы Аялдардын эл аралык тилектештигинин күнү сыяктуу угулуп, анын максаты алардын укуктарынын бузулушуна коомчулуктун көңүлүн буруу болгон. Убакыттын өтүшү менен бул күндүн маңызы, мааниси бир аз өзгөрдү. Азыр 8-март жаздын, аял сулуулугунун, назиктиктин, руханий акылмандыктын жана адамзаттын жарымына көңүл буруунун күнү болуп эсептелет. Майрамдык салтка аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык тармактардагы жетишкендиктерин даңазалоо да кирет.