image
Новости

КОРЕЙ ЫР КОНКУРСУ

Добавлено: 20 Май 2023 ж.

2023-жылдын 20-майында Бишкектеги «Европа» мейманканасында Кыргызстандагы корей мектептеринин жана университеттеринин студенттеринин арасында «Корея тилинде 5-ыр сынагы» болуп өттү. Мелдештин уюштуруучулары Сокулук Седжонгдун өкүлдөрү болушкан. Бардыгы болуп корей тилинде белгилүү ырларды ырдап, вокалдык чеберчилигин көрсөтө алган 16 мүчө болду. Ошондой эле иш-чарада сыйлуу коноктор:
• Корей тили мугалимдеринин ассоциациясынын президенти Ким Чанг Сук
• Кыргыз тилдер жана маданият институтунун ректору Лю Бён Ил мырза
• Кыргызстандагы Корея Республикасынын Билим берүү борборунун директору Ким Чжэ Ён мырза
Сынактын максаты жаш муундарды Кореянын маданиятын көрсөтүү жана тааныштыруу, студенттер тил үйрөнүү менен чектелбестен, кореялык белгилүү аткаруучулар менен бирге музыкасын да таанып-билүүсү үчүн болгон.
Концерттик программа Седжонг Сокулуктун «Нанта» барабанчылар тобунун аткаруусу менен башталып, «Таэквондо» классынын трюктары көрсөтүлүп, лотереялар ойнотулуп, сонун байгелер берилди. Кыргыз Эл аралык универсал колледжинен 2-курстун студенттери Мендегулова Диана жана Жакыпова Алтынай катышты.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
 Кыргыз Тил жана Маданият Институтунун 3-курсунун студенти Жаныбек кызы Даяна Ли Хинин “Махабатым” ырын аткарып, 1-орунду жеңип, 200 доллар утуп алды.
 3-орунду колледждин студенти Жакыпова Алтынай ээлеп, байгеси 100 долларды түздү.
 4-орунду Мендегулова Диана ээлеп, 50 доллар утуп алды
Бардык катышуучуларыбызды жеңиши менен куттуктайбыз! Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз!