image
Новости

"Пэдже" университети менен меморандум

Добавлено: 2 Сентябрь 2024 ж.

Жогорку окуу жайлардын ортосундагы мамилелерди түзүүнүн алкагында, ошондой эле билим берүү, илим жана маданият тармагындагы кызматташуунун өз ара пайдалуу кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжи  менен Түштүк Кореянын  Пэдже  университети меморандумга кол коюшту. Бул Меморандумдун максаты маалымат жана маданий алмашууну, билим берүү тармагында университеттер аралык кызматташтыкты, илимий изилдөө иштерин өнүктүрүү ниети болуп саналат. Бул максат катышуучу өлкөлөрдүн мыйзамдарында тыюу салынбаган, келечекте пайда болушу мүмкүн болгон кызматташтыктын башка түрлөрүн өнүктүрүүгө тоскоол болбойт.