
Эл аралык конференция
Добавлено: 15 Май 2024 ж.
2024-жылдын 15-майында Кыргыз Эл аралык универсалдуу колледжинин директору жана окутуучусу Кожомокулова Наргиза Адамкалыевна жана Алиева Наргиза Жумадиловна “Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар студенттерди окутуу үчүн окуу куралдарын жана дидактикалык комплекстерди даярдоо маселелери” аттуу Эл аралык илимий-методикалык конференцияга катышты. Кызылорда облусунун билим берүү бөлүмү жана «ОРДА» жогорку окуу жайы (Казакстан) тарабынан уюштурулган.
Конференция КМШ өлкөлөрүнөн жана Германиядан келген баяндамачылар менен жогорку деңгээлде өттү. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө инклюзивдик билим берүү маселеси курч турат. Проблемалар, аларды чечүү жолдору, окутуунун ыкмалары жана башка маанилүү маселелер чагылдырылды.
Конференциянын уюштуруучуларына жана ОРДА колледжинин окутуучулар жамаатына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Конференциянын жыйынтыгы менен катышуучулар Кожомкулова Н.А. жана Алиева Н.Ж. Катышуусу жана кызматташтыгы үчүн сертификаттар жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.