
Кыргыз Республикасынын улуттук маданий борбору!
Добавлено: 12 Ноябрь 2024 ж.
2024-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Эл аралык универсал колледжинин студенттери менен Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборунун директору Бегимкулов Илязбек Бегимкулович менен жолугушуу болуп өттү. Ошондой эле коноктордун арасында Кино департаментинин директорунун орун басары М.Ж.Асаналиев, Манас театрынын өкүлү Самат Көчөрбаевдер да болушту. Бул жолугушууну Сеокулук Седжон институтунун директору Сонг Квон Сук айым уюштурду.
Иш-чарада КР ККнын директору Бегимкулов И.Б. биздин студенттерге «Кыргызстандагы корей маданиятынын чагылдырылышы» деген темада лекция окуду. Жолугушууга 1-3-курстун студенттери катышып, Улуттук маданий борбордун жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана жыйынтыктары менен таанышты. Лекция жогорку деңгээлде өттү, бул жолугушуу студенттерге, окутуучуларга, административдик кызматкерлерге эл аралык, массалык маданий иш-чараларды башкарууга жана уюштурууга эң жогорку мотивация берди. Ошондой эле жолугушуу ар бир адамдын жашоосунда жеке мүнөзүн жакшыртуу үчүн зор дем жана стимул берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө манасчы дастанчы Асаналиев М.Ж. студенттер үчүн “Семетей” эпосунан үзүндү айтып берди.
Биздин билим берүү мекемеси Улуттук маданий борбордун директору Бегимкулов Илязбек Бегимкуловичке ушундай мотивациялуу тренинг жана бөлүнгөн убакыт үчүн терең ыраазычылык билдирет.