image
Новости

Орда колледжи менен меморандумга кол коюу

Добавлено: 15 Май 2024 ж.

2024-жылдын 15-майында Кызыл-Ордо шаарындагы (Казакстан) Кыргыз Эл аралык универсалдык колледжи менен ОРДА жогорку колледжинин ортосунда Меморандумга кол коюлган. Эки колледждин директорлору Кожомкулова Н.А. жана Досжанова Г.С. илим тармагында кызматташуу, иш-чараларды өткөрүү, мугалимдер менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгү тууралуу келишимге кол коюшту.