
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоо
Добавлено: 14 Ноябрь 2024 ж.
Президенттин 2024-жылдын 14-ноябрындагы “Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгынын алкагында тарых илимдеринин кандидаты, доцент Эралиев С.Н. гр.2-курстун студенттери менен ачык сабак өткөрдү. ПДК 1-23, адистиги: «Котормо». Ачык сабак “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына” арналды. Студенттер активдүү катышып, ошол кездеги белгилүү саясатчылардын ролун да аткарышкан.Мамытова Айзирек, Сайдилова Алина, Шабданова Нурайым, Нурдунова Айназик ККАОнун негиздөөчү аталарынын сүрөттөрүн тартуулашты. Сабак жогорку деңгээлде өттү.
Студенттер бул тема боюнча билимдерин тереңдетип, Кыргызстандын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон чыгаан инсандарды, өзгөчө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдү карап, изилдеп чыгышты.