
Жазгы Нооруз майрамынар менен!
Добавлено: 19 Март 2025 ж.
2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Эл аралык универсалдуу колледжинде Нооруз жаз майрамы болуп өттү. Мугалим Мыктыбекова Жанара Акуновнанын жетекчилиги менен окуучулар майрамдык концерттик программаны, улуттук оюндарды, улуттук тамактардын коргозмосу уюштурулду. Ошондой эле "Тушоо кесуу" аземи откорулду. Майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын гимни жана башкы директор Лю Бенг Илдин куттуктоо сөзү менен башталды.
Бүгүн Нооруз майрамы. Күн менен түн тогошкон чыгыш элдеринин Нооруз же “Жаңы күн” майрамы кылымдар бою белгиленип келет. Бул майрамдын формасы менен маңызы калыбында сакталып калган. Нооруздун негизги жөрөлгөлөрүн бири арча түтөтүп, алас айтуу, айлана-чөйрөнү тазалоо жана сүмөлөк жасоо.
Майрам жыл сайын өлкөнүн баардык аймагында шаан-шөкөт менен чоң масштабда белгиленип келет.
Жаңы жылыбыз жакшылыктарды алып келсин! Башталыштар ийгиликтерге толсун, Майрамыңыздар менен!
Майрамдык салтанаттын соңунда колледждин турмушуна активдүү катышкан мугалимдерге «Ардак грамоталар» тапшырылып, активист студенттерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Алиева Наргиза Жумадиловна
Солтонкулова Айзат Жекшенбековна
Лопес Море Бланка Монтсеррат