
Новости
БҮТҮРҮҮ АЗЕМИ
Добавлено: 27 Июнь 2023 ж.
Бүтүрүүчүлөрдү тапшыруу аземи 27-июнда өттү. КМУК колледжинин бүтүрүүчүлөрү ректор Лю Бён Илден жана окуу жайдын негиздөөчүлөрүнүн бири Йи Йонгвондон окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк алышты. Бул колледждин 6-чыгарылышы. Жалпысынан 2023-жылы 6 адистик боюнча 91 бүтүрүүчү, 8 артыкчылык дипломдун ээлери: Андриянова Кристина, Шайлообекова Баян, Абылгасыева Бегимай, Хасанова Дильназ – котормо факультетинин бүтүрүүчүлөрү, Мелисова Сайкал, Элибаев Навави, Элдияр уулу Нурсултан – менеджменттин бүтүрүүчүлөрү Сабак Анара - туризм факультетинин бүтүрүүчүлөрү. Колледждин активдүү бүтүрүүчүлөрү дипломдор менен сыйланышты.