Ли Ён Гвон
КЭУКтин башкы директору, профессор, филология илимдеринин доктору, Корея славян тилдери ассоциациясынын президенти.
Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжинин расмий сайтына кош келиңиз.
Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжи — өлкөбүздөгү эң абройлуу эл аралык колледждердин бири.
- Дүйнөнүн 10дон ашуун алдыңкы университети менен кызматташат — АКШда, КЭРде, Түштүк Кореяда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жыл сайын стажировкалар.
- Колледжде кесиптик орто билим берүүнүн бир нече программасы боюнча 5 тилде окутулат: кыргыз, орус, англис, корей, испан.
Биздин колледждин студенттеринин жашоосу жаркын окуяларга, семинарларга, дебаттарга, чыгармачылыкка жана экскурсияларга бай, ошондой эле кызыктуу адамдар менен таанышууга мүмкүндүк берет.
Колледждин сайтын иштеп чыгууда биз аны колдонуучулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылууга умтулдук. Сайтыбызда абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине, студенттерге жана окуу жайыбыздын турмушунан кабардар болгусу келгендердин баарына маалымат берилген. Сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп таба аласыз деп ишенем.
Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжинин максаты — орто жана узак мөөнөттүү иш планы аркылуу билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана өркүндөтүү.
Жаңыланган KIUC / КЭУК сайтыбызга кош келиңиз.
Урматтоо менен,
КЭУКтин башкы директору
Профессор Ли Ён Гвон